ЖЕФФЕРСОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕ́ФФЕРСОН Томас (13. 4. 1743, Виржиния, Шадуэлл – 4. 7. 1826, Виржиния, Монтиселло) –

амер. коомдук ж-а мамл. ишмер. «Көз карандысыз­дык де к лар аци я с ынын» (1776) автору, Американын 3-президенти (1800–09). Не­гизги кесиби – адвокат. 1769–74-ж. Виржинияда мыйзам чыгаруу жыйыны­нын депутаты. 1775-ж. Түн. Американын Улуу Брита­ния ээлиги болуудан баш тартуу чечимин кабыл алган 2-континенттик конгресске мүчө болуп шайланган. 1779–81-ж. Виржиния губернатору. 1785–89-ж. АКШнын Франциядагы элчиси, 1790–93-ж. Ж. Вашинг­тондун 1-өкмөтүндө мамл. катчы, 1796-ж. вице­президент. «Көз карандысыздык декларация­сын» 17 күндүн ичинде жазып бүтүргөн. Анда адам укугу мамлекет белгилеген мыйзамдан жогору турарын бекемдеген, Ж. башка мамл. ишмерлер м-н бирдикте АКШнын Конститу­циясын жазууга катышып, ага «Укуктар туу­ралуу билль» дегенди киргизген. Ж. президент кезинде Луизиана штаты АКШга кошулган. Пре­зиденттиктен бошогондо, Ж. Виржинияга ун-т курдурган ж-а өмүрүнүн акырына чейин ал ун-тти башкарган.