ЖИВОГЛЯДОВ
ЖИВОГЛЯ́ДОВ Валерий Петрович [1938-ж.т., Чүй обл., Калинин (азыркы Жайыл) р-ну, Калинин айылы] – техника илимд. доктору (1974), проф. (1977), Кыргыз ССР ИАнын академиги

(1984), КРдин илим ж-а техн. б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2002), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1993). ФПИни (1960), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. 1965–87-ж. КР ИАнын Автоматика интунда ил. кызматкер, лабор. башчысы, директордун орун басары, бөлүм башчысы, 1987–93-ж. Кыргыз ССР ИАнын Президиумунда башкы окумуштуу катчы болуп иштеген. 1993–97-ж. КЭУда декан, 1997–2003-ж. КМУда декан, 2004–06-ж. Кыргызтүрк «Манас» ун-тинде кафедра башчысы. 2006- жылдан КРСУда Билимдин электрондук мененжменти борборунун директору. Башкаруу теориясы, системалык анализ ж-а информатика б-ча адис. 260дөн ашык ил. эмгектин автору, а. и. 9 монография, 5 ойлоп табуусу бар. Данакер ордени, «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган. Жексон ж-а Клинтон ш-нын (США) ардактуу жараны.
Эмг.: Адаптация в автоматизированных системах управления технологическими процессами. Ф., 1974; Интегрированные и многоуровневые системы управления производством. Ф., 1980; Введение в компьютерные информационные системы (в соавторстве). Б., 1998.