ЖИЙДЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыш­так. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1285 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 23 км түн. тарапта. Ка­ра-Суу т. ж. бекетинен 69 км. Кыштак 1870-ж. отурукташкан. Калкы 3381 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комби­натынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.