ЖИКИЛДЕР
ЖИКИЛДЕР , ч и г и л д е р – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борб. Теңир-Тоо м-н Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетинде өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларында Ж. м-н чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, о. кылымдын башында азыркы Туванын батышында туруп, Саян-Алтай элдери м-н бирге Борб. Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасында чиктердин негизги тобу түш.-батышты көздөй жылып, Жети-Суу ж-а Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Магрибдин» (к. «Худуд ал-алам») аталбаган авторунун жазганы б-ча Ж. көп сандуу болуп, түш. ж-а чыгышынан карлуктар, батышында тухсилер, түн. жагынан кыргыздар м-н чектешкен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.
Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гардизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002. Т. Жуманалиев.