ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИНА
ЖИП ТҮРҮҮЧҮ МАШИ́НА – кездеме токууда эриш ж-а аркак жиптерди түрүүчү механизм. Эриш жиптер жарыш ж-а кайчылаш түрүлөт. Мындай түрүлгөн жиптер ташууга, кайра түрүүгө, боёого ыңгайлуу. Ж. т. м. жипти конус,
цилиндр ж. б. формада түрөт. Жип түрүү үчүн көбүнчө М-150 машинасы колдонулат. Ж. т. м. жип оролуучу, жипти жаткыруучу, көзөмөлдөптазалоочу ж-а тартуучу жабдуулардан турат. Түрүлгөн жиптер токууга жөнөтүлөт.