ЖОКЬЯКАРТА
ЖОКЬЯКА́РТА (Y ogу ak art a, J ogj ak art a, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява а-нда, Мерапи жанартоосунун (бийикт. 2911 м) түштүк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө адм. бирдик болуп бөлүнгөн. Калкы 670 миң (2007, шаар агломерациясында 1,5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары м-н т. ж. аркылуу байланышат. Шаар 1755-ж. негизделген. 1946–49-ж. Индонезиянын убактылуу борбору. Шаар бир нече жолу жер титирөөдөн (2006-ж. 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) ж-а Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү-

рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май ж. б.), тамеки, эмерек жасоочу ө. ж. ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Ун-ттер (а. и. Гажа-Мада; 1949, мамл.), Индонезия искво ин-ту, бейөкмөт ЖОЖ (а. и. Индонезия Ислам ун-ти; 1945), классикалык Ява бийи мектеби ж-а көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам ж-а региондук китепканалар, музейлер (Сонобудойо Индонезия иск-восунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акулалар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нгасем канаттуулар базары ж. б. бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-к-дын арх-ра эстеликтери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробудур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген О. эле Борбордук чиркөө, шаардын тарыхый борборунда султандын ак сарай ансамбли («кратон», 18-к.), парк, Таман-Сари ак сарайынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келитирилүүдө) сакталган. Ж. – Ява а-нын башкы маданий ж-а
туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия музыкасынын ж-а бий искусствосунун фестивалдары өткөрүлүп турат. Р. Карачалова.