ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ – шаарларда ж-а калктуу конуштарда жол кыймылынын бардык катышуучуларынын (жөө адам, транспорт ка­ражаттары) коопсуздугун камсыз кылууга ж-а тартибин сактоого багытталган жоболор. СССРде алгачкы Ж. ж. э. Москва ш. ж-а анын айлана­сы үчүн 1922-ж. бекитилген. 1940-ж. типтүү эре­желер 1-жолу иштелип чыгып, ал 1957-ж. уни­фикацияланган. Мына ушундан кийин союздук респ-ларда, анын ичинде Кырг-нда да Ж. ж. э. киргизилген. Кийин эл аралык конвенциялар­дын жол кыймылы ж-а жол белгилери м-н сиг­налдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу м-н «Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери» түзүлүп, ал 1973-жылдын 1-январынан СССРдин бардык же­ринде колдонула баштаган. Азыр КРдин айма­гында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ – КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4- августундагы ¹ 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери», 1999-жылдын 1-сентябрынан кол­дону л ат . 2009-жыл дын 3-март ында ага өзгөртүүлөр киргизилип, 2009-жылдын 1-апре­линен мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген. Ж. ж. э. төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпы жоболор; айдоо­чулардын, жүргүнчүлөрдүн, жөө адамдардын укуктары ж-а милдеттери; атайын сигналдар­ды колдонуу; светофордун ж-а жөнгө салуучу­нун сигналдары; авариялык сигналдарды ж-а авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу; кыймылды баштоо, манёвр жасоо; жүрүүчү бөлүктө унаа каражаттарынын жайгашуусу; кыймылдын ылдамдыгы ж-а аралыкты (дистан­ция) сактоо; озуп өтүү ж-а кайчы өтүү; унаа туруучу ж-а токтооочу кесилиштерден өтүү; жөө адам өткөөлдөрү ж-а маршуттары, транс­порт каражаттарынын аялдамалары, т. ж-дор­дон өтүү; автомагистралдар аркылуу кыймыл; турак жай зоналарындагы кыймыл; маршрут­тагы транспорт каражаттарынын артыкчылы­гы; тышкы жарык берүүчү каражаттарды кол­донуу; мех. транспорт каражатын сүйрөтүү; ай­даганга үйрөтүү, жүргүнчү ж-а жүк ташуу; вело­сипеддердин, мопеддердин, арабалардын кый­мылына, о. эле мал айдоого кошумча талап­тар. Ж. ж. э. жол кыймылынын бирдей тарти­бин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, КРдин бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын контролдоо­чу, көзөмөлдөөчү ж-а уруксат берүүчү функция­ларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкер­лери иш алпарышат. Ж. ж. э-н транспорт кара­жатын айдоочулар ж-а жөө адамдар сактоого милдеттүү.


Ад.: Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери. Б., 2009. Т. Абдылдаев, К. Бутешов.