ЖОЛДОШОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛДОШОВ Токчоро [1902, Бишкек уезди, Кара-Булак айылы (Кара-Жылга деген жерде), азыркы Чүй обл., Кемин р-ну – 1937] – Кырг-н­дагы алгачкы мамл. ишмерлердин бири, кыр­гыздын туңгуч ад-т сынчысы. Алма-Атадагы Казак-кыргыз агартуу ин-тун бүтүргөн (1925). Москвадагы Борб. улуттар басмасынын кыргыз



секциясында редактор ж-а жооптуу секретарь (1925– 27), Кыргыз эл агартуу ко­миссариатынын акад. тобу­на төрага (1927–29), Кырг-н БАКтын президиумуна мүчө (1929–31), жооптуу секре­тарь, Кырг-н колхоз борбо­рунун төрагасы (1931–32), Кыргыз АССРинин эл агар­туу комиссары (1933–35)

кызматтарында иштеген. Ж-дун ад-тка кызы­гуусу студенттик жылдарында башталган. Ий­римдерге үзгүлтүксүз катышып, «Саулэ» («Шоо­ла») деген ат менен кол жазма түрүндө чыгуучу коомдук-саясий журналга редактор болгон ж-а ага кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан ты­нымсыз жарыялап турган. Ал Алма-Ата ш-нда казак тилинде чыгып турган «Тилши» («Тил­чи») гезитинин кабарчысы болгон. «Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабия т май данында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз» (1927), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928), «Кайгылуу Какей» (М. Токобай уулунун пьесасы, 1928), Касымаалынын «Ажар» ж-а «Са­кучулдун сын» (1929) сыяктуу көптөгөн сын ма­калаларды жазып, кыргыз адабий сынына чы­йыр салган. Тил, термин маселелери тууралуу «Тил илими атоо (термин) жөнүндө», «Жаңы тамга жөнүндө», «Алипбээге бир нече тыбыш жана тамга коштук» аттуу макалаларында Ж. өтө кыраакылык м-н негизги урунттуу көрүнүштөрдү белгилеген. Анын «Көрктүү ада­биятыбыз жана акындарыбыз» аттуу макала­сы өз замандаш калемдештеринин көркөм чы­гармага сын макалаларынан сабаттуу жазыл­гандыгы, маселени коё билгендиги м-н айыр­маланат. Акындар чыг-лыгы, поэзия туурасында сөз кылууда саясатташкан мезгил талабына жа­мынып, алардын жалаң саясий идеол. барк-баа­сына гана көңүл бурбастан, чыгарманын көр­көмдүк касиет-сапаты, чыгармачыл инсанды ка­лыптандырган шарт, жагдай, коомдук таасир ма­селесин кошо камтууга, ар тараптан талдоого алууга умтулган. О. эле, ал адабий жыйнактар­дын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Т. Жапиев айткан «Семетейден» үзүн­дү ж. б.) редактору, «Кызыл гүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору болгон. 1937-ж. репрессияланган, 1956-ж. акталган.