ЖООЛУК ТАШТАМАЙ
ЖООЛУК ТАШТАМАЙ , к у р т а ш т а м а й – жаштар оюну. Катышуучулар тура калып чуркоого оңтойлонуп, буттарын жүйүртө басып тегерете отурушат. Оюнду баштоочу отургандардын артынан тегерене чуркап баратып, колундагы эшилген жоолукту же жумшак курду отургандардын биринин артына билгизбей таштайт да, айланып чуркай берет. Жоолук ташталганын оюнчу билип калса, тура калып, ташталган жоолукту колуна алып, жоолук таштаган оюнчуну ордуңду тап деп өз ордун (эреже б-ча жоолукту алган оюнчунун ордуна) тапканча артынан кубалайт, жетсе чапкылап, жоолукту көкөлөтө ыргытып жиберип, анын ордуна олтура калат. Эгер жоолук ташталганын сезбей калса, жоолук таштаган оюнчу айланып келип, жоолукту алып, чапкылап, тегеректи айланта кууп, өз ордуна келтирет. Жоолук таштаган оюнчу өзү отургусу келсе, тура качкан баланы бир аз чапкылап, колундагы жоолукту көкөлөтө ыргытып, тигинин ордуна отура калат. Жаңы оюнчу Ж. т. оюнун уланта берет. Эгер шапалак жеген оюнчу чочуп кетип, ортону кече качса, айып тартат (ырдайт же оюнчулардын каалаган талабын аткарат). Ж. т. жаштарды сезгичтикке ж-а шамдагайлыкка тарбиялап, тез чуркоого машыктырат.