ЖООН-АРЫК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-АРЫК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы дарылык касиети бар, жер астынан чыккан минералдуу арашан суу. Теңдик кыш-нын жанында, Жоон-Арык суу­сунун шилендисинин аймагында жайгашкан. 1981-ж. чалгындалып, 1990-ж. запасы бекитил­ген. Терм-минералдык суу неоген мезгилинин оробашы ж-а шабыркөл свиталары м-н байла­нышып, бургулоо көзөнөгү аркылуу 1500 м те­реңдиктен агып чыгат. Суунун темп-расы 43°Сден 61,3°Сге чейин. Жер үстүнө чыккан суунун са­лыштырмалуу дебити 0,054–0,055 л/с. Хим. ку­рамы б-ча суу хлорлуу, натрий-кальцийлүү, кургак калдыгы 37,24 г/дм3ден 40 г/дм3ге че­йин. Суу муун, сөөк, жараат, нерв, гинекология ооруларын киринүү жолу м-н дарылоого жарам­дуу. Бекитилген запасы: В категориясы б-ча сут­касына 242 м3.