ЖОРГО САЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРГО САЛЫШ – улуттук ат оюндардын бири. Ж. с. б-ча мелдеш тегиз талаада, түз жолдо, ат майданда өткөрүлөт. Мелдеш аралыгы 2400 мден 10000 мге чейин болуп, 2 жаштан же кунандан жогорку бардык тукумдагы жорголор катышат. Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы бил­ген 19 жаштан өткөн адамдар токулган жорго м-н катышат. Ж. с-та жоргону бир гана адам

Саяпкер К. Ашыралиев. Мерседес жоргосу менен.

алмашпай минүүгө ж-а бүт аралыкты жоргосу­нан жазбай өтүүгө тийиш. Чоң жорголор ай­рым учурларда саатына 80 км аралыкты басып өтөт. Уруксат берилүүчү жаңылуулардын саны жободо ачык көрсөтүлгөн. Эрежени бузгандар мелдештен чыгарылат. Кыргыз элинде жыл­кынын жоргосу 5ке бөлүнөт: чапма жорго, төкмө жорго, урма жорго, кой жорго ж-а жол жорго. Булардын ичинен чапма жорго м-н төкмө жорго өтө жогору бааланып, майрам, чоң той­аштарда салдырылган. Кырг-ндын иск-восу м-н мад-тынын 1958-ж. өткөн он күндүгүндө Мос­ква ат майданында 20га жакын жорго салды­рылган. 1971-жылдан КРде улуттук спорттун түрү катары Ж. с. б-ча мелдештин разряддык нормативи түзүлүп (3 разряддык норма белги­ленген), анын өткөрүү шарты ж-а тартиби белгиленген. 3 кмге чейинки аралыкта 5 жолу, 5 кмде 6 жолу, ал эми 10 кмде 10 жолу жаңылуу­га уруксат берилет. Ат башка аллюрга өтсө (4 топ 12 секирикке чейин) жорго жаңылды деп эсеп­телет. Үч секирикке чейин жаңылганга жатпайт.