ЖОРГО СӨЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРГО СӨЗ , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке­ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру­луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый­зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара­жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык ад-тчылар ж-а тарых­чылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Го­голь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа м-н Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайда­ланышкан. Дүйнөлүк ад-тта жалаң Ж. с. м-н жазылган ири чыгармалар да бар (мис., Р. Рол­ландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү ж-а ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жа­тат. Бирок Ж. с-дө туруктуу муун өлчөмү кайта­ланбайт, мис., Жесир кемпирдин үйүндө кызма­тын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына ка­ралашып, отун-суусуна аралашып турду («Ке­дейкан»). Ж. с. жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз м-н айтылган жер­леринде, чечендер м-н ырчылардын санат сөздө­рүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Тер­мечиковдун оозеки аңгемелеринде да Ж. с-дүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында Ж. с-дүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй Ж. с. м-н жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүт­көн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да Ж. с-дөн өнүп чыккан деп болжол­доого болот.


Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары­хынын очерки. Ф., 1973.