ЖОРОБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРОБЕКОВ Жолборс (15. 10. 1948-ж. т., Ош обл., Ноокат р-ну, Жал айылы) – саясат таануу­чу, саясат таануу илимд. доктору (1997), проф. (2000). 1974-ж. КМУну бүткөн. 1967–69-ж.

М. В. Фрунзе атн. а. ч. ма­шиналарын куруу з-дунда жумушчу, 1974–81-ж. Кыр­гыз ССР ИАнын Тарых ин­тунда кенже ил. кызмат­кер, СССР ИАнын Этногра­фия ин-тунда стажёр, 1981–93-ж. Орус тили ж-а ад-т ы ин-ту нда (азыркы БГУ) окутуучу, улук оку­туучу, доцент, 1993–95-ж. Ош обл. мамл. администра­циясында аналитикалык борбордун башчысы, 1999–2002-ж. Дин иштери б-ча мамл. комиссия­нын төрагасы, 2002–05-ж. Юрид. академияда проф., 2005–06-ж. БГУнун ректору, 2006–07-ж. КРдин Дин иштери б-ча мамл. агенттигинин ди­ректору, 2007-жылдан Ж. Баласагун атн. КУУ-нун Эл аралык билим берүүнү интеграциялоо ин-тунда директордун орун басары. КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995– 99). 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 5 моногра­фия) автору.


Эмг.: Демография жана демографиялык саясат. Ф., 1990; Этнодемографиялык процесстер. Ош., 1994. Этнодемографические процессы в Кыргызстане. Ош, 1995.