ЖОТТО
ЖО́ТТО ди Бондоне (1266 ж-а 1276-жылдар ортосунда, Флоренцияга жакын, Веспиньяно – 8. 1. 1337, Флоренция) – итал. живописчи. Проторенессанс иск-восунун өкүлү. 1334-жылдан Флоренциядагы собордун курулушун жетектеген. Ж-нун алгачкы эмгектери – Ассиздеги Сан-Франческо чиркөөсүнүн (1290–99) айрым фрескалары. 1300-жылдын башында Римде болуп, антика дүйнөсүнүн живописи ж-а П. Каваллининин

чыгармалары м-н таанышып, алардын таасири тийген. Ж. 1304–06-ж. эң негизги чыгармасы – Падуядагы Скровеньи капелласынын росписин (дель-Арен капелласын) жараткан. Акыркы чыгармалары: Санта-Кроче чиркөөсүндөгү Иоанн Чокундуруучунун, Иоанн Евангелисттин, Франциск Ассизскийдин өмүрү тууралуу Перуцци (1320-ж. чен) ж-а Барди (1320–25) капеллаларынын росписи. Ж-нун чыг-лыгы Италия исквосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.
Ад.: Алпатов М. В. Итальянское искусство эпохи Данте и Джотто. М.; Л., 1940; Лазарев В. Н. Происхождение итальянского Возрождения. Т. 1. М., 1956; Беллози Л. Джотто. М., 1996.