ЖОУЛЬ
ЖО́УЛЬ (Джоуль) Жеймс Прескотт (24. 12. 1818,
Ланкашир, Солфорд – 11. 10. 1889, Чешир, Сейл)
– англ. физик, Лондон король коомунун мүчөсү (1850). Электр-магнетизм м-н жылуулук кубулуштарын изилдөө, төмөнкү темп-ралар физикасын калыптандыруу, энергиянын сакталуу законун далилдөө б-ча белгилүү салым кошкон.
Өз ысмы м-н аталган Жоуль-Ленц законун,
Жоуль-Томсон эффектисин ачкан. Ферромагнетиктердин магниттелүү кезиндеги магниттик каныгуу кубулушун биринчилерден болуп байкаган.