ЖОШОЛУ
ЖОШОЛУ – Алай р-нундагы суу, Куршаптын оң куймасы. Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2) бар. Алабы куралуу облусуна кирет. Ж-нун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызыл-Булак (оң), Кулмамбет, Бекпута (сол). Жылдык орт. чыгымы 2,20 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Орто-Суу ж. б. кыш. бар.