ЖӨЖӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨЖӨ – тоок, күрп ж. б. куштардын балапа­ны. Куштар Ж-сүн ар кандай мөөнөттө басып чыгарат: мекиян – 21, күрп – 28 күн. Үй кушта­рынын Ж-сү массалык түрдө инкубатордо ба­сып чыгарылат. Ж. 1–1,5 айлыгына чейин жөжөканада багылат. Ж. багуу өстүрүүчү чар­банын максаты м-н куштардын түрүнө жараша болот. Асыл тукум Ж-нү багууда жөжөканада­гы 1 м2 аянтка суткалык тоок Ж-лөрү 16–20дан, күрп м-н каз Ж-лөрү 10–12ден, өрдөк Ж-лөрү 14–16дан жайгаштырылат. 20–30 күндөн кийин ошол эле аянтка 25ке чейин Ж. жайгаштырса болот. 1-жумада жылуулук түнкүсүн тоок жө­жөканасында 28–29°С, күрп жөжөканасында 29–31°С, каз м-н өрдөк жөжөканасында 27–28°С болуш керек. Күндүз жылуулукту 3–4°Сна төмөндөтүүгө болот. 8–9 күндөн кийин жөжөка­надагы жылуулук тоок, күрп Ж-сүнө жума са­йын 3°Сге, каз м-н өрдөктүкүнө 4°Сге төмөн­дөтүлүп отуруш керек. Тоок м-н күрп жөжө­лөрүнө 40, өрдөк м-н каз жөжөлөрүнө 20 күн болгондо жөжөкана жылытылбайт. Тордо ба­гылган асыл тукум Ж-лөргө атайын даярдал­ган аралаш тоют берилет. Мындай тоюттарга витаминдүү дары-дармек, микроэлемент, анти­биотиктер кошулат. Тордон чыгарылган кезде тоок м-н күрп Ж-лөрүнө кургак же көк тоют, тамыры азык өсүмдүктөр, балык калдыктары ж. б. кошулган нымдуу аралаш тоют берилет. Ж-лөрдүн өсүшүн көзөмөлдөө үчүн ай сайын 50– 100 баштан таразага тартып туруу керек. Эт ба­гытындагы бройлер Ж-лөрүн багууда 1 м2 аянт­ка 10–12 Ж. жайгаштырылат. Жөжөкана ме­ханикалаштырылып, темп-ра 20–22°С, нымдуу­лук 60–65% болуш керек. Суткасына 12–14 саат негизинен электр лампочкасы аркылуу жарык кылынат. Жөжөлөргө 1–2 күн тартылган (май­да) дан, андан кийин аралаш тоют берилет. Союла турган жөжөлөр сыртка чыгарылбайт. Күрп Ж-лөрү 1,5–2 ай жылуу тордо багылып, аралаш тоют берилет. Эгин аңызына түшүм жыйналгандан кийин чыгарса болот. Өрдөк Ж-лөрү 2–3 жума тордолгон жылуу жайда ба­гылат. Суу (көлмө ж. б.) жок чарбаларда 1 м2 аянтка 8–9 Ж. туура келгендей жөжөкана ку­рулуп, ал секцияларга бөлүнөт. Ар бир секция­га 500гө чейин Ж. киргизилип, чыктуу (ным­дуу) аралаш тоют берилет. Көлмөлүү чарбаларда Ж-лөр 3 жумадан кийин көлмөлөргө чыгары­лат. Мындай учурда суунун жылуулугу 14°Снан төмөн болбош керек. Каз Ж-лөрү 2–3 жума жылуу жайга багылат. 1 м2 жерге 3–4 Ж. жай­гаштырылат. Тоют базасы (жайыты) мыкты чар­баларда Ж-лөр топ-тобу м-н (500–700дөн) жа­йытка (же көлмөгө) чыгарылат. 4 айдан кийин союлат.


Ад.: Дьяков Е. Е., Убашев А. Промышленное пти­цеводство – важный резерв увеличения производства мяса в Киргизии. Ф., 1980.