ЖӨКӨБАЕВА
ЖӨКӨБАЕВА Сайнат (5. 5. 1929, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Төкөлдөш айылы – 18. 1. 1991, Фрунзе) – балерина, кыргыз хореографиясын баштоочуларынын бири. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1958). Ленинград хореогр., 1941-ж. Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайында окуган. 1947-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында иштеп, балеттеги башкы пар-

тияларды аткарган: Мария (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Фанни (И. Штраус, «Чоң вальс»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Анар (В. Власов, В. Фере, «Анар») ж. б. 1939-, 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз ад-ты м-н иск-восунун он күндүктөрүнө катышкан. 1975-ж. Жумгалда «Бекбекей» ыр-бий ансамблин уюштурган. Медалдар м-н сыйланган.