ЖӨӨК САЛГЫЧ
ЖӨӨК САЛГЫЧ – асма а. ч. шайманы; ал айдоо аянттарга, саздак жерлерге тереңдиги 20– 50 см, эни 10–25 смге чейин убактылуу жөөк салууга ж-а кайра тегиздөөгө арналган. Ж. с-тын негизги тетиктери: рама, канал казгыч, жөөк салгыч, тегиздегич, автоматтык илиништиргич, гидравликалык система, кыймыл өткөргүч механизм. КБН-0.35А маркасындагы Ж. с. пахта ж. б. а. ч. өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу үчүн жөөк салууда ж. б. кеңири пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө БН-300, КБН-0,35А ж. б. маркасындагы Ж. с-тар чыгарылган. Ал Т-28Х4М, МТЗ-80Х, «Беларусь» тракторлоруна чиркелет. Тетиктер трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Саатына 5 кмге чейин жөөк салат.