ЖӨӨ ООДАРЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖӨӨ ООДАРЫШ – балдар оюну. Чоңураак, алдуу-күчтүүсү аттын милдетин аткарып, ки­чирээгин жонуна көтөрүп, эки экиден эңишет. Күчтүүлүк, эптүүлүк м-н эңип кеткени жеңет. Эки тарапка бөлүнүп ойногондо, кайсы тарап көбүрөөк оодарса, ошол тарап жеңген болот.