ЖУВАЗ
ЖУВАЗ – өсүмдүк уруктарынан май чыгаруучу (май жуваз) ж-а шалы актоочу (ак жуваз) жөнөкөй түзүлүштөгү жабдык. Алгач Ж-дардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айландырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында Ж. тегирмен сыяктуу эле суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлгөн. Май Ж-дын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Ж. чоң соку таштарды чуңкурайта терең оюп да жасалган. Булардын жанчууру (сок билеги) оор келип, анын учу сокунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Ж. жанчуур кишинин, унаанын же суунун күчү м-н иштеген. Айрым Ж-дын жанчууру башкача: кыска ок темирдин эки учуна бекитилген эки чоң дөңгөлөк таш атайы жасалган чоң жалпак таштын үстү м-н дөңгөлөнүп, урукту (данды) жанчып, аралашмага айландырган. Уруктар текши жанчылган соң, абдан салмактуу кыскычтар аркылуу майы бөлүнүп алынган. Ак Ж-дын сокусунун түбү май Ж-дыкынан да чуңкур жасалган. Сокбилегинин учу май Ж-дыкындай текши жалпак эмес, сүйрүрөөк келип, сокусунун түбүнө жете бербегендиктен, шалыны былчыратпай, кабыгын гана түшүрүп, акшакты да аз чыгарган. Ж. Кырг-ндын түш. аймактарында колдонулат. Учурда Ж-да май тартуу, шалы актоо иштери механикалаштырылган.