ЖУКОВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУКО́ВСКИЙ Николай Егорович [5(17). 1. 1847, азыркы Владимир обл., Орехово кыш. – 17. 3. 1921, Москва] – орус илимпозу, аэродинамика­ны негиздөөчү. 1868-ж. Москва ун-тин бүтүргөн.

1870-жылдан 2-Москва аялдар гимназиясынын, 1872-жылдан Москва жогорку тех. окуу жайын­да (МЖТОЖ) окутуучу, доцент. 1882-ж. «Кый­мылдын бекемдиги жөнүндө» эмгеги үчүн мате­матика илимд. доктору наамын алган. 1885-жыл­дан өмүрүнүн акырына чейин МЖТОЖдо ж-а Москва ун-тинде иштеген. 1894-жылдан Петер­бург, 1917-жылдан Россия ИАнын корр. мүчөсү. 1905-жылдан Москва матем. коомунун президен­ти. 1902-ж. Ж-дин жетекчилиги м-н Европада­гы биринчи аэродинамикалык түтүк (Москва ун­тинде) курулган ж-а 1904-ж. Кучинодо аэроди­намикалык ин-т түзүлгөн. Борб. аэрогидроди­намика ин-тун уюштуруучусу (1918) ж-а алгач­кы жетекчиси болгон. Ж-дин ил. эмгектери эң башкысы авиациянын теориясына арналып, өзү «oрус авиациясы­нын атасы» деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ал с амол ё т т у н аэродинамикалык эсептөөл өрүнүн, анын динамика­лык узата турук­туу лугу нун ж-а б е к е м д и г и н и н эс епт ө ө л ө рүн үн негизин түзгө н. Ал – катуу нерсе­лердин механика­сы, астрономия, математика, гидродинамика, колдонмо механи­ка, машиналарды жөндөө теориясы ж. б. тар­мак б-ча көп сандаган оригиналдуу изилдөө­лөрдүн автору. Москвада ж-а Жуковский ш-нда окумуштууга эстелик тургузулган ж-а ил.-мемо­риалдык музейи түзүлгөн.


Чыг.: Собр. соч., т. 1–7, М.; Л., 1948–50; Теоре­тическая механика, 2-е изд., М.; Л., 1952.


Ад.: Космодемьянский А. А. Н. Е. Жуковский. М., 1984.