ЖУМАБАЕВ 3
ЖУМАБАЕВ Асек (9. 5. 1924‚ Нарын обл.‚ Нарын р-ну‚ Байказак айылы – 27. 8. 2005, Бишкек) – ырчы, Кыргыз CCР эл арт. (1964). 1941– 45-ж. колхоздо эсепчи‚ 1943–48-ж. Нарын ж-а Ысык-Көл обл. драма театрларында артист‚ 1949-

жылдан Кыргыз акад. опера ж-а балет театрынын соли сти бол гон. Аткарган ролдору: Күлчоро (А. Малдыбаев‚ В. Власов‚ В. Фере‚ «Айчүрө к »)‚ Ш еге (Е. Брусиловский‚ «К ыз Жи бек »)‚ Калыбек (А. Малдыбаев‚ В. Власов‚ В. Фере‚ «Алтын кыз»)‚ Маркабай (Н. Давлесов‚ «Аста-секин‚ колукту») ж. б. Киного да тартылган (Арзымат, «Токтогул» кинофильми). Ж. – элдик ырларды чебер аткарган‚ Калмурат‚ Cыртбай‚ Атай‚ Муса сыяктуу обончулардын өнөрүн уланткан. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Бүткүл дүйнөлүк студенттер м-н жаштардын Варшавада өткөн 5-фестивалынын (1955) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.