ЖУМАГУЛОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Алымкул (1893, азыркы Чүй обл., Панфилов р-ну, Кум-Арык айылы – 1937, ?) – парт. ж-а мамл. ишмер. Чалдыбар орус­тузем мектебин, Олуя-Ата ш-ндагы жогорку­башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–17-ж. Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч ж-а катчы болуп иштеген. 1917-ж. Олуя-Ата уезд­дик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-ж. больше­виктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыску­лов, Б. Кашкынбаев ж. б. м-н бирге Советтер­дин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–24-ж. Олуя-Ата, Пиш­пек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер ре­формасы б-ча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-ж. Кокон ш-ндагы Түркстан КП Фергана обл. к-тинин чарба бөлүмүндө, Таш­кенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахма­нов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор м-н бирге­лешип, Кырг-ндагы алгачкы а. ч. кооператив­дерин уюштурган. 1924–26-ж. Кыргыз автоно­миялуу обл-нун Дыйканчылык башкармалы­гынын начальниги, начальниктин жардамчы­сы, 1927–37-ж. Жалал-Абад кантондук, Ош ок­ругдук, Талас р-ндук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперати­винин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрага­сынын орун басары, Мирзоян р-ндук аткому­нун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-ж. Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү де­ген жалаа м-н камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-ж. Кыргыз ССРинин Фрунзе обл. соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас р-нунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине ж-а бир көчөгө ыйгарылган. С. Тоялиев.