ЖУМАКАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАКАЕВА Тамара (5. 5. 1942‚ Нарын обл.‚ Нарын р-ну‚ Куланак айылы – 2. 3. 2001‚ На­рын ш.) – Кыргыз CCР эл арт. (1984). 1956–60-ж. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында окуган.

1960-ж. Нарын обл. муз. дра­ма театрына кабыл алын­ган. Анда өмүрүнүн акы­рына чейин 41 жыл эмгек­тенип, театрдын профессио­налдык деңгээлинин өсү­шүнө салым кошкон. Күкүя (К. Маликов‚ «Алмаш»)‚ Жыпаргүл (Т. Абдымому­нов‚ «Атабектин кызы»)‚ Ханума (Цагарелли, «Ха­нума»), Чыйырды (Т. Акта­нов, «Теңири Манас»), Акбара (Ч. Айтматов‚ «Кыямат»)‚ Курманжан датка (К. Иманалиев‚ «Курманжан датка»), Найман эне («Кылым ка­рытар бир күн») ж. б. көптөгөн образдарды жа­ратып, залкар актриса катары таанылган. Ал Ж. Шералиев‚ К. Тагаев‚ З. Иманалиев‚ Э. Маа­данбеков, К. Абылов, К. Жусупов ж. б. белгилүү обончулардын ырларын мыкты аткарган. Ж. че­бер уз катары да белгилүү. Медалдар м-н сый-

В. Вишневский. «Оптимисттик трагедия». Комиссар – Т. Жумакаева. 1967.


ланган. Анын чыг-лык жолу тууралуу Д. Аб­дылдаеванын «Эл кызы – Нарын жылдызы» аттуу китеби жарык көргөн (1996). К. Иманалиев.