ЖУМГАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМГАЛ (моңголчо дзун – сол же чыгыш ж-а гол – суу; сол куйма маанисинде) – Жумгал р-нундагы суу, Көкөмерендин сол куймасы. Кы­зарт ж-а Базар-Турук суулары кошулуп, Ж-ды түзөт. Уз. 96 км, алабынын аянты 3080 км2. Өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнүн таманы деңиз деңг. 2000–2200 м бийиктикте (туурасы 3–5 км) жа­тат; ал батышты карай жапыздап (1485 мге че­йин), таманы 25 кмге чейин кеңийт. Чаектен ба­тышка карай өрөөнү кайра кууштайт. Жээги жа­йык тектирлүү. Ири куймалары: Чаар-Арча, Кы­зарт, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Орто-Кууганды, Кара-Кече, Беш-Терек, Миң-Теке ж. б. Жылдык орт. чыгымы 11,2 м3/сек, эң көбү 77,0 м3/сек, эң азы 5,30 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, августта тартылат. Октябрда тоңуп, ап­релде ачылат. Ж-дын алабында көл көп; ири­лери: Сары-Көл (аянты 0,36 км2), Баш-Куу­ганды (0,22 км2), Чоң Таш-Көл (0,24 км2) ж. б. Ж-дан бир нече сугат каналы башталат; ириле­ри: Жаңы-Арык, Сары-Талаа. Жээгинде Чаек,


Түгөл-Сай, Арал, Кайырма, Багышан ж. б. кыш. жайгашкан.