ЖУНУШАЛИЕВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш (24. 12. 1935-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Корумду айылы) – тарых илимд. доктору (1993), проф. (1999). КР УИАнын корр. мүчөсү (2002). КРдин илим ж-а техника жаатында мамл. сыйл. 2 жолку лауреа­ты (1986, 2002).

КРдин мад-тка ж-а илимге эмг. сиң. ишмери (1982, 2002). Каракол муга­лимдер ин-тун (1954), КМУну (1960) бүтүргөн. 1960–86-ж. Ысык-Көл аймагындагы орто мек­тептерде мугалим, директор, парт. кызматкер, 1986–92-ж. Кырг-н КП БКга караштуу Партия тарыхы ин-тунун директору, 1992– 97-ж. КРдин элге билим бе­рүү министрлигинин окуу­методикалык кабинетинин директору, КР УИАнын коомдук илимдер б-ча оку­муштуу секретары, 1997- жылдан Тарых ин-тунун


директору. Кырг-ндын тарыхын изилдөөгө ар­налган 140тан ашуун ил. эмгектин автору.


Эмг.: Созидания и трагедии 20-х и 30-х годов. Б., 2002; Горная царица Курманжан датка. Б., 2002.