ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ (1635–1758) – 17-к-дын 1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ой­рот мамлекети. Тарыхый маалыматтар б-ча


oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк м-н 15-к-да ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, сая­сий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экин­чи көз караш б-ча ойрот «токой адамдары» де­генди билдирет. Адегенде моңгол урууларынын ханы – Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-к-да чыгышынан моңгол хандары, баты­шынан Моголстан мамлекети м-н тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-к-дын аягында Ир­тыш д-нын жогору жагында тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, ба­тышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдын­дагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге ка­раштуу дөрбөттөр, Нарынколдо (Алтай) Байба­гыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар ту­рушкан. 1619–21-ж. халхас ханы Жолой-Ууба­шы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-ж. анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор м-н дөр­бөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп ке­тишкен (к. Калмакстан). 17-к-дын орто ченин­де алардын түш.-батышындагы коңшусу Могол­станда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар м-н султандыктардын түзүлүшү, чы­гышында жайгашкан Халха хандыгынын ал­сырашы, түш. жагындагы күчтүү хандык – Ча­хар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтө­нүшүнө алып келген. 1634-ж. Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Ко­цин-Батур) ээлеп, жаңы хандык негизделет. 1640-ж. ойрот конфедерациясына кирген уруу-

XVII кылымдын башындагы Жуңгар хандыгынын картасы. Картаны согуш туткуну И.-Г. Ренатка Жуң­гар ханы И. Эрен берген. Азыр Упсала ш-ндагы (Шве­ция) ун-ттин китепканасында сакталып турат.

лар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мам­лекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага му­рас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн.
Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол

«Россия менен зюнгарлардын талаш жерин тактоо үчүн» Л. Д. Угримов 1737-ж. тарткан картанын кө­чүрмөсү. В. А. Моисеевдин өздүк архивинде сакта­лып турат.

жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери б-ча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Ж. х. күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир тууганда­ры Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Гал­дан Бошокту (1671–97) алат. Ж. х. Араптан­дын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене- Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюк­ту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Ж. х-н Галдан Цэрен (1727–45), Це­ван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсана­лар (1755–57) башкарган. Азыркы Кырг-н, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан жерлер Ж. х. тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-ж. аёосуз чабуул­дарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам ж-а ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экон. кризистер Ж. х-н алсыроого алып келген. 1758-ж. Ж. х. күч м-н Цин империясы­нын курамына киргизилген.


Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Бичурин Н. Я.


Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Гол­стунский К. Ф. Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. Э. Турганбаев.