ЖУСАЕВ
ЖУСАЕВ Жолдош (23. 7. 1934, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Тепке айылы – 16. 11. 2001, Каракол ш.) – тилчи, кыргыз ж-а англис филологиясы, салыштырма тил илими б-ча адис, филология илимд. доктору (2001), проф. (1993). Пржевальск пед. окуу жайын (1953), КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1959). ОМПИде окутуу-

чу, кафедра башчысы, КМУнун ага окутуучусу, декан (1967–82), Кырг-н КП БКнын чет өлкөлөр м-н байланыш секторунун башчысы (1982–87), В. Маяковский атн. ККПИнин окуу иштери б-ча проректору (1987–88), КМУнун Пржевальскидеги филиалынын директору (1988–91), К. Тыныстанов атн. Ысык-Көл мамл. ун-тинин ректору (1991–98), ошол эле окуу жайдын Чет тилдер ин-тунун директору (2000–01). 60тан ашуун ил. эмгеги бар. Медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Языковая категория модальности и модальные значения, выраженные изьявительным наклонением в современном кыргызском языке. Б., 1992; Грамматические средства выражения категории модальности в современном кыргызском языке. Б., 2000.