ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түн. кап­талында жайгашкан. Жууку суусунун алабын ээлейт. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Уз. 49 км, туурасы 0,3–4,0 км. Деңиз деңг. 1800–4300 м бийикте. Төрү – байыркы мөңгүлөрдүн таасири­нен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы – Дүңгүрөмөнүн капчыгайы

түн.-чыгыштан батышты карай Тескей Ала-Тоо­нун суу бөлгүчүнө жарыш 25 кмге созулат. Дүң­гүрөмө м-н Ашуу-Суу кошулгандан кийин Ж. ө. түндүккө багытталып, терең капчыгайдын бүт­көн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин ара­лап, Ысык-Көл ойдуңуна чыгат. Башталышы м-н орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоо­лор м-н курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 800–1200 м. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аян­ты 49,2 км2. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орт. темп-расы –11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700–800 мм. Негизги суусу – Жуу­ку (куймалары: Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуу­кучак ж. б.). Байыркы муз каптоодон пайда бол­гон 11 көл бар. Эң ириси – Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 км2). Тоо этегиндеги ж-а көл кылаасындагы кургак та­лаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаа­га, андан бийигирээк карагай тилкесине суб­альп ж-а альп шалбаасына, субнивалдык, ни­валдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Ка­рагай токою (2100–2200 мден 2800–2900 мге че­йин) тескейинде ж-а капчыгайдын таманы м-н оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапа­лак арча ж-а ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү м-н капталган. Шаркыратмалуу, калың кара­гайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык маа­ниси чоң. Өрөөн – мамл. заказник. Ж. ө. аркы­луу байыркы мезгилде кербендер жүрүүчү, ки­йин Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор м-н байланыштырган мал айдалуучу жол өтөт.