ЖУУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУЧУ – кызга куда түшүү, анын ата-энесинин макулдугун алуу үчүн баруучу атайын өкүл. Салт б-ча Ж-лукка келин алуучу ата-эне ж-а алардын жакын кишилери эмес, көбүнчө айыл же уруу ак­сакалдары барган. Ж. оң жооп алып келгенден кийин гана баланын ата-энеси болочок кудала­рына барып, кудалашуунун шарттарын (сөйкө са­луу, калың, той ж. б.) макулдашкан.