ЖҮГӨН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮГӨН – ат жабдыктардын бири; жетектеп жү­рүү үчүн ат башына катылуучу жабдык. Ж. ооз­дуктан, суулуктан, тизгинден, чылбырдан, са­галдырыктан, кө­күл бастыргыч бө­л үк тө рдөн т ур ат . Ж-дүн өрмө ж-а ка­йыма (кайыш) түрү болгон. Өр мө Ж. и чке т ал-т ал т и - линген кайыштар­дан 5, 7, 13 өрүм бо­луп, кайыма Ж. эки элидей жазы ти­линген эки кат ка­й ышт ан че т т е р и ичке көк, тарамыш же кайыш м-н ка­йылып жасал ган.
Өрмө Ж. эркек мин-

ген атка, кайыш

Ж. аял минген атка катылган. Кайыш Ж-дүн оңтой ж-а урунт жерлери күмүш, жез купалар м-н кооздолгон. Аларга ар кандай оймо-чийме салынып, бермет-шурулар чөгөрүлгөн. Суу­луктун эки тогоосуна тизгиндин эки учу беки­тилип, аттанар жагына кайыш же кыл чыл­быр байланат. Кежигеси тогоо м-н биригип, аттын башынын өлчөмүнө карата узартылып ж-а кыскартылып турат. Катылган Ж. шыпы­рылбас үчүн уз. 30–35 смдей алкым сагалдырык тагылат. Ооздук м-н Ж. чагарак аркылуу беки­тилет.