ЖЫЙЫРМА СЕГИЗ ПАНФИЛОВЧУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЙЫРМА СЕГИЗ ПАНФИЛОВЧУЛАРУлуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРдин борбору Москва ш-н коргоодо өзгөчө эрдик көр­сөткөн жоокерлер. Алар 16-армиянын И. В. Панфилов башкарган 316-аткычтар дивизиясынын (к. Панфилов дивизиясы) 1075-аткычтар пол­кунун 2-батальонунун 4-ротасынын 2-взводунун курамында Волокаламск таш жолундагы Дубо­секов т. ж. айрылышында жайгашкан. 1941-ж. 16-декабрь күнү ротанын саясий жетекчиси

«28 баатырдын эрдигине» мемориалдык ансамбли, 1975. Скульпторлор: Н. С. Любимов, А. Г. Постол, В. А. Фёдоров; архитекторлор: В. Е. Датюк, Ю. Г. Кри­вущенко, И. И. Степанов; инженери С. П. Ходжиба­ров. Москва обл., Волокаламск р-ну, Немидов кыш­нын четиндеги Дубосеков темир жол айрылышы.

В. Г. Клочков жетектеген 28 жоокер 4 саатка созулган салгылашууда жоого каршы каарман­дык м-н жан аябай каршылык көрсөтүп, алар­дын 14 танкасын кыйраткан. Панфиловчу­лардын 23 кишиси курман болгонуна карабай, душман ушул жерге токтоп калууга мажбур бол­гон. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1942-ж. 21-июлдагы Указы м-н бул жоокерлердин [Г. М. Безродный, Н. Н. Белашов (Бо­латов), Я. А. Бондаренко, И. Р. Васильев, И. Е. Добробабин, П. Д. Дутов, П. К. Емцов, Н. Есеболотов, Д. М. Калейников, В. Г. Клоч­ков, А. И. Крючков, А. Кожобергенов, А. Ко­саев, Н. Г. Максимов, Г. С. Митин, Н. А. Мит­ченко, И. М. Натаров, М. Сенгирбаев, Д. Ф. Ти­мофеев, Н. И. Трофимов, И. Д. Шадрин, И. А. Ше­петков, кырг-ндыктар: Н. Ананьев, Г. Конкин, И. Москаленко, Г. Петренко, Г. Шемякин, Д. Шопоков] баарына Советтер Союзунун Баа­тыры деген наам берилген. Ж. с. п-дын туулган жерлеринде атайын эстеликтер орнотулуп, көп­төгөн мектеп, көчө, айыл-шаарларга ысымда­ры берилген. Алар салгылашкан жерде «28 баа­тырдын эрдигине» мемориалдык ансамбль тур­гузулган (1975).


Ад.: Кривицкий А. Подмосковный караул. М., 1970; Великое не умирает. Ф., 1981.