ЖЫЛААЖЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛААЖЫН – 1) жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей, тоголок кооз коңгуроо. Ж-ды кичинекей балдардын жакала­рына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жаагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага Ж. орнотушкан. Аны кийип басканда, уккулук­туу үн чыккан. Ж. айрым жерде з ы ң г ы р о о ч деп да аталат; 2) кыргыздын эң байыркы муз. аспаптарынын бири.