ЖЫЛГЫН
ЖЫЛГЫН – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна караштуу. Кожо-Ата суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 1060 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 61 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 61 км. Калкы 1002 (2008); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. ФАП, туристтик база иштейт.