ЖЫЛУУ АБА МАССАЛАРЫ
ЖЫЛУУ АБА МАССАЛАРЫ – жердин үстүнкү бети бир кыйла муздак келген аймактарга, көбүнчө жогорку кеңдиктерди карай жылган аба массалары. Ал төмөндөн жогору карай муздап, катмардуу булуттарды, тумандарды ж. б-ды пайда кылат. Ооп келген аймакка жылуулукту алып келет, к. Аба массасы.