ЖЫЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробө­лүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон ж. б.) ирет­сиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алма­шуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны. Ж. ал­машууда система кабыл алган же бөлүп берген энергия саны – Ж-тун сандык ченеми. Жумуш м-н бирге Ж. саны – системанын ички энергия­сынын өзгөрүү ченеми. Ж. алмашууда система­нын ички энергиясы системанын молекулала­ры м-н аны курчаган нерселердин молекулала­рынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн на­тыйжасында өзгөрөт. Нерсе бөлүкчөлөрүнүн иретсиз кыймылдагы энергиясы Ж. энергиясы деп аталат. Ж. энергиясы зат молекулалары­нын иретсиз алга жылуу, айлануу ж-а атом­дордун молекула ичиндеги термелүү кыймыл­дарынын суммасынан турат. Ж. кыймылынын закон ченеми термодинамикада, статистикалык физикада ж. б. каралат.