ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ
ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ – имаратты жылытуу, технол. процесстер үчүн ысык суу м-н бууну керектөөчүлөргө жеткирип ж-а бөлүштүрүп берүүгө арналган түтүктөр (куурлар) системасы. Ж. т. изоляциялоочу ж-а бекиткич материалдар, жөнгө салуучу арматуралар, текшерүүчү ж-а өлчөөчү приборлор, байкоочу кудуктар, жы- луулуктан болгон кеңейүүнү теңдештирүүчү
түзүлүштөр м-н жабдылат. Ал жер астындагы мачталарда ж-а эстакадаларда жайгаштырылып, айлантма ж-а радиустук болуп бөлүнөт.
Айлантмада – бузулган жерин оңдоодо (бузулган жерди жалпы тармактан бөлүп алат) Ж. т.
үзгүлтүксүз иштей берет. Ж. т-нын радиустук
түрү куруу наркы арзан болгондуктан, көбүрөөк
колдонулат. Ар кандай чоңдуктагы бууну ж-а сууну бир убакта жеткирүү ж-а иштетилген сууну кайра артка кайтаруу үчүн Ж. т-на бир нече түтүк орнотулат.