ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ – илим м-н техни­када жылуулук энергиясын алуу ж-а пайдала­нуу ыкмасын камтыган тармак. Ж. т-нын эки негизги багыты бар: 1) жылуулук кубаты – жылуулук казан жабдууларынын очогунан, мешинен, орг. отун күйгүзүүчү камерадан, жы­луулук аккумуляторунан, радиатордон, кало­риферден, конденсатордон, ядро реакторунан ж. б. алынат; 2) отундун хим. энергиясы мех., андан соң электр энергиясына айландырылат. Буларга буу турбиналары, ичинен күймө кый­мылдатычтар, газ турбиналары, реактивдүү кыймылдатычтар, муздаткыч машиналар ж-а жылуулук насостору кирет. О. эле, Күн нуру­нун ж-а жер астындагы жылуулуктар да пай­даланылат.