ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУКТУ ЖӨНГӨ САЛУУ , т е р м о р е­г у л я ц и я (термо... ж-а лат. regulo – жөнгө салам) – жылуу кандуу организмдердин (куш, сүт эмүүчү жаныбарлар, адам) дене темп-расын туруктуу деңгээлде сактоочу физиол. процесстер жыйындысы. Ж. ж. с. чөйрөнүн түрдүү шартта­рында организмдин тиричилигин камсыз кылат. Айлана-чөйрөнүн темп-расына байланыштуу жылуулук продуктусу м-н жылуулук чыгаруу-


нун өзгөрүшү дененин темп-расынын туруктуу­лугун камсыз кылат. Жылуулук продуктусу өзгөртүүчү физиол. процесстер хим., жылуулук чыгарууну өзгөртүүчү процесстер физ. Ж. ж. с. деп аталат. Жылуулук продукциясы бөлүнүп чыккан жылуулукка барабар болсо, организм­дин темп-расы бир калыпта сакталат, шайкеш келбесе, организмдин темп-расы жогорулайт, көп бөлүнсө төмөндөйт. Ж. ж. с. жаныбардын ар кандай климаттык шартта жашоосун ж-а таралышын камсыз кылат.