ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ – жылуулук тех­никасынын жылуулук, электр ж. б. кыймыл­даткычтардын жардамы м-н жылуулукту энер­гиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен мех. энергияны электр энергиясына) тармагы. Жы­луулуктун эсебинен мех. энергияны өндүрүү үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат.
Мындан алынган мех. энергия жумушчу маши­наларды (металл иштетүүчү станоктор, автомо­билдер, конвейерлер ж. б.) же электр энергия­сын иштеп чыгуучу электр-мех. генераторлорду кыймылга келтирет. Жылуулуктун электр энер­гиясына айланышы электр-мех. генераторсуз эле ишке ашса, мындай курулмалар энергияны түз­дөн-түз айландыруучу болуп эсептелет. Буларга магнит-гидродинамикалык ж-а магнит-термо­электрдик генераторлор, энергияны өзгөртүп түзгүчтөр кирет. Жылуулукту электр энергиясы­на айландыруу негизинен жылуулук электр станцияларында ишке ашырылат. Мында күйгөн отундун, ядролук отундун, жердин ички жылуу­лугунун, Күн системасынын энергиясы пайдала­нылат.