ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫНЫСТЫК ЖЕТИЛҮҮ , п у б е р т а т м е з­г и л и – организмдеги биол. жетилүү, б. а. ту-


кумдашууга жарамдуулук. Адамда Ж. ж. аяк­таганда, көбөйүүгө жөндөмдүү (репродукция­лык) мезгил келет. Өмүрү кыска жаныбар эрте (бурамалар 30–35 күн жашап, 4–5 суткада), ал эми узак жашоочулар кечирээк жетилет. Ж. ж. эркек балага караганда кызда эрте башталат. Акыркы жылдары бүткүл дүйнөдө балдардын жыныстык эрте жетилүүсү байкалууда. Мис., мурда кыздарда Ж. ж. 13–15 жашында башта­лып, 19–20 жашка чейин созулса, азыр 8–11 жашынан 19 жашка чейин созулат. Ж. ж. баш­талганда организмде көп өзгөрүү болот. Кан та­мыр басымы жогорулап же төмөндөп, жүрөк со­гуусу тездеп, кээде аң-сезимде өзгөрүүлөр байка­лат. Ж. ж-дө аял ж-а эркектин жыныс гормон­дору (эстроген, андроген) пайда болуп, жыныс органдары ж-а анын белгилери өөрчүйт. Ж. ж. жыныстык экинчилик белгилердин пайда бо­лушу м-н байланыштуу. Бул мезгилде колтугу­на, жыныс мүчөсүнүн сыртына жүн чыгат, кыз­дарда 11–15 жашында эмчек бездери чоңоюп, этек кири келет. Ж. ж-дө дене пропорциясы убактылуу өзгөрүп, бут, кол узарып, эпсиз кый­мылдайт. Эркек балада булчуңдар бат өсөт. Ички органдар, скелет м-н булчуң системасына кара­ганда жүрөк бат чоңоёт, ошондуктан ал артерия­лык кан басымдын жогорулашына ж-а жүрөк­түн иштешинин кыйындашына себеп болушу ык­тымал. Ал кезде баш айланып, ооруйт, тез чар­чайт, өспүрүмдүн психикасы өзгөрүлөт. Ал эмо­циялык жактан туруксуз болуп, туталанат, эпсиз, олдоксон кыймылдайт. Ата-эне м-н му­галимдер организмдин өөрчүшүнүн өзгөчөлүгүн, Ж. ж. мезгилин балага туура, кылдаттык м-н түшүндүрүп, камкордук кылуу керек.