ЖЫРГАЛАҢ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – о. кылымга таандык шаар кал­дыгы. Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы Михай­ловка кыш-нын батышындагы Жыргалаң бу­луңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийикт. 1,5–2,5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң м-н курчалган. Ичинде көп­төгөн курулуш калдыктары калган. 1949-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, 1–15-к-га таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылда­гы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Ж. 8- к-да пайда болуп, 13-к-дын башында моңгол ча­буулунан кыйрагандыгын айкындаган.


Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.