ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык- Көл обл-нун Түп р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол ш-нан 10 км түн. тарапта, Ысык-Көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун боюнда, де­ңиз дең. 1624 м бийикте. 1960-ж. терең бургу­лоо көзөнөгүнөн чыгарылган. Суу чыккан жер­де антропогендин кумдук ж-а алевролиттен тур­ган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу 3000 м тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жа­рака аркылуу көтөрүлөт. Көзөнөктөн чыккан суунун дебити 37,5 л/сек, темп-расы 46°С. Хим. курамы б-ча хлорид-сульфат-натрийлүү, же­гичтүү (рН = 8,5) арашан сууларына кирет. Ак-


суу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний к-тасынын аздыгы, фтордун ж-а каль­цийдин көптүгү м-н айырмаланат. Суу тузсуз, жытсыз, даамсыз. Курамында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун, гумин бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат. Запасы А кате­гориясы б-ча суткасына 1,728 миң м3.