ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНДЕРИ Ысык- Көл обл-нун Түп р-нунда жайгашкан. Каракол ш-нан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Жыргалаң, Каркыра суулары­нын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жырга­лаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жерг. элге илгертен белгилүү болсо да, көпчү­лүгүнө геол. чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузияла­ры, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, де­вондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү ж-а курам өзгөчөлүктөрү б-ча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогор­ку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тек­тон. жаракалардын брекчияланган аймакта­рындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кез­дешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңды­гы 40–80 м) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жак­шы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геол. эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халько­зин минералдары бар жездүү горизонт акиташ катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды­гы 3,5 м) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа­тат, калыңдыгы 0,5–5,0 м. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа­лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га­ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль­цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат.