ЖЫРГАЛБЕКОВ
ЖЫРГАЛБЕКОВ Турду (30. 12. 1932-ж. т., Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Коңорчок айылы) – тарыхчы-журналист, тарых илимд. доктору (1998), проф. (2003). КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер (2002). Кыргыз мамл. пед. ин-тун (1955), КПСС БКнын Москва жогорку парт. мектебин (1961) бүтүргөн. 1955–56-ж. Ак-Талаа р-нунун Жеңиш орто мектебинде мугалим, 1956–57-ж. Ак-Талаа р-ндук билим берүү бөлүмүндө инспектор, 1957–58-ж. райондук «Ленин жолу» гезитинде редактор, 1961–63-ж. Ош обл. «Ленин жолу» гезитинде редактордун орун басары, 1963– 68-ж. Кырг-н КП Ош обкомунда бөлүм башчынын орун басары, 1968–73-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы, 1973–76-ж. Кырг-н КП БКда инспектор, 1976–86-ж. Кырг-н КП Кант, Чүй райкомдорунда 2-, 1-секретарь, Кант р-ндук аткомунун төрагасы, 1986–93-ж. КРдин туризм б-ча кеңешинин төрагасы, 1993–98-ж. «Бишкек турбазасы» АКтын генералдык директору, 1993-жылдан Туризм, бизнес ж-а менеджмент, Экономика ж-а коммерция ин-ттарында проф., кафедра башчысы, КМУда окутуучу, проф.. 100дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 10 монография, 2 окуу куралы ж. б.) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985–90). Кыргыз ССР эл агартуу отличниги. Россия укук коргоо ж-а коопсуздукту сактоо проблемасы академиясынын академиги. «Даңк» ж-а Улуу Пётр медалдары м-н сыйланган.