ЖЫРТКЫЧ КУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРТКЫЧ КУШТАР (Aceipitres) – куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу жорулар. Дене уз. 1 м, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 – 3 м, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 см­дей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күч­түү манжалары, курч тырмактары м-н табыл­гасын кармап жейт. Бут, төш булчуң ж-а көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Ж. к. тири­чилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүү­чүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балык­тар, үлүл, курт-кумурска ж-а таштанды, тарп м-н азыктануучулар болуп, 2 түркүмчөгө бөлү-

Жырткыч куштар: 1 – карчыга куш; 2 – кулаалы; 3 – кызыл айры куйрук; 4 – бүркүт; 5 – ак баш суу бүркүт.

нөт. Кээ бири ылгабай азыктанат. Булар Жер шарынын бардык жеринде (Антарктидадан баш­ка) таралган. Айрымдары тургун, кээси келгин куштар. Ж. к-дын ургаачылары жылына 1–7 жумуртка тууп, шумкарлар 28, жорулар 55 күн басып, балапан чыгарат. КМШ өлкөлөрүнүн ай­магында Ж. к-дын 44, Кырг-нда 30дай түрү ке­зигет. Алардын ичинен зыяндуулары (кыргый, бөктөргө ж. б.), о. эле зыяндуу кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жеп токой ж-а а. ч-на пай­да келтирүүчүлөрү да бар. Ж. к. омурткалуу жа­ныбарлардын санын (мис., зыяндуу кемирүү­чүлөрдү) жөнгө салып турат.