ЖЫТ СЕЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫТ СЕЗҮҮ – жаныбарлар ж-а адамдын жыт билдиргич клеткаларынын жардамы м-н жыт ажыратуу клеткалары аркылуу түрдүү жытты туюусу. Туюнуу жыт сездиргич рецепторлор ар­к ыл уу мээнин чоң жарым шарынан жыт бөлүгүнө (зонага) өткөрүп, ал жерде жыт ажы­ратылып таанылат. Мурун көңдөйүнүн былжыр челинде эбегейсиз көп жыт билдиргич рецептор­лор жайгашкан (к. Жыт сезүү органдары). Жыт сезүү рецепторлоруна жыт дем алганда мурун көңдөйү аркылуу барат. Тамакты чайнап, жу­тарда анын жыты каңылжаарга өтүп, ооз көң­дөйү аркылуу таралат. Ар кимдин Ж. с. анали­заторлору ар түрдүү. Кээ бирөөнүкү абдан жак­шы өөрчүсө, айрымдарда начар өөрчүгөн. Мис.,

адамда, маймылда ж-а кушта начар, ал эми азы­гын жыты м-н табуучу жаныбарлардын Ж. с. органдары абдан күчтүү өнүккөн. Иттин Ж. с. органдары адамдыкына караганда 10 000 эсе күчтүү, аңчы ит 800–1000 м аралыкта бөдөнө же өрдөктүн жытын сезет. Көп жаныбар жыт кубалап тамак таап жешет, душманы келе жат­канын туят. Эгер түрдүү жыттар көпкө чейин таасир этсе, жыт рецепторлору ошол жытка көнөт. Улгайган адамдын Ж. с-сү начарлайт, ал эми кош бойлуу аялдардыкы күчөйт.