ЖЭЭК 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК – оң, сол ийрилип чыйратылган эки же үч бөлөк жиптен жасалган жалпак же жумуру тасмача. Жээктелүүчү буюмга жараша ар кан­дай жоондукта, ар башка (бир же бир нече) түстө болуп, жоон ийрилген жүн жиптерден гана эмес, ичке жибек же кебез жиптерден да жасалат. Ж. шырдак, аяк кап, табак кап, секиче, эшик тыш, үзүк, туурдук, түндүк жабуу сыяктуу кийиз буюмдардын жээгине же оймо тигиштеринин үс­түнө бастырылат. Ж. жөрмөп тигилген тигиш­ти жашыруу м-н жасалган буюмга көрк берип, анын чоюлбай ж-а кебинен бузулбай турушун камсыз кылат. Аны м-н эркек көйнөктөрдүн жака-жеңи, белдемчинин чети, салаа тигиште­ри, мээлей тигиштери, балдар кийимдеринин кооздолуучу жерлери жээктелет. Айрым жерде кийимдердин, буюмдардын көбөөсү Ж. же кы­йык деп аталат.