ЖЭЭК 3
ЖЭЭК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Жээк айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 7 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-ж. негизделген. Калкы 875 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мезгилиндебаатырларчакурманболгон,ушулкыштакта туулган каарман пионер Кычан Жакыповго эстелик тургузулган ж-а мектепте музейи уюштурулган.